• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкек мэри Кытайдын элчиси менен жолугушту. Эмне маселелер талкууланды?

8 Теке 2022 15:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда Бишкек менен Кытайдын шаарларынын ортосундагы мындан аркы мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.

Ошондой эле Дэн Сяопин проспектисин жакшыртуу долбоору жана борбор калааны санариптештирүү маселелери каралды.

Маалымат үчүн: 2021-жылдын 22-декабрында Бишкек жана Циндао муниципалитеттеринин ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча меморандумга кол коюлган.

Количество просмотров: 94