• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек мэри шаар тургундары менен жолугушат (графиги)

11 Бугу 202614:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-майдан тарта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаар тургундары менен жолугушат.

Жолугушуулардын графиги:

— Свердлов району

11-май саат 16:00дө жолугушуу Кыргыз-Россия Славян университетинде өтөт. Дареги: Киев көчөсү, 44.

12-май саат 16:00дө Ч.Айтматов атындагы лицейде болот. Дареги: Широкая көчөсү, 1а.

— Биринчи май району

13-май саат 16:00дө райондун жашоочулары менен жолугушуу М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде өтөт. Дареги: Тоголок Молдо көчөсү, 58.

14-май саат 16:00дө жолугушуу «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда болот. Дареги: Т.Абдумомунов көчөсү, 197.

— Ленин району

15-май саат 16:00дө жолугушуу К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде өтөт. Дареги: Ч.Айтматов проспектиси, 24.

16-май саат 16:00дө жолугушуулар Кыргыз улуттук университетинде уланат. Дареги: Фрунзе көчөсү, 547.

— Октябрь району

18-май саат 16:00дө райондун тургундары мэр менен «Таберик» залында жолуга алышат. Дареги: Байтик баатыр көчөсү, 17.

19-май саат 16:00дө жолугушуу «Ала-Тоо» эл аралык университетинде өтөт. Дареги: Анкара көчөсү, 1/8.

Количество просмотров: 114