Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Ташкенттин хокими Жахонгир Артыходжаев эки шаардын ортосундагы байланышты чыңдоо маселесин талкуулашты.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө шаарды көрктөндүрүү, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана катуу таштандыларды башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Тараптар эки шаардын ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу керектигин белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясы менен Ташкент шаарынын хокимиятынын ортосунда 2022-2024-жылдарга иш-чаралардын планына кол коюлду.