• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек мэринин биринчи орун басары алмашты

18 Жалган куран 202610:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирлан Байгончоков башка кызматка которулгандыгына байланыштуу кызматынан бошотулду.

Ал эми Кубанычбек Иманалиев муниципалдык кадр резервинен Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары кызматына дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Количество просмотров: 191