• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкек мэринин м.а. Кудайбергенов алгач эле куруучулардын штабынын өкүлдөрү менен жолугушту

10 Бирдин айы 2021 14:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов алгачкы жолугушууларын өткөрдү. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал «Мекенчил» партиясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялар учурунда айтылган маселелерди жана элдин талаптарын аткаруу алгоритмин талкуулаган.

Мындан тышкары, иштеп жаткан турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамдуу негизде легалдаштыруу боюнча куруучулардын штабынын өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрүлгөн.

Эскерте кетсек, кечээ премьер-министр Улукбек Марипов Эрмек Нургазиевди Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кылган. Бул чечим коомчулукта кеңири талкуу жаратты. Ал тургай өлкө президенти Садыр Жапаров дагы өз пикирин айтып, сын билдирүүсүн жазган.

Улукбек Мариповдун жаңы буйругу менен мэрдин милдетин аткаруучу болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалды.

Маалымат каражаттары Бишкек шаарынын тургуну Кудайбергеновдордун үй-бүлөсүн жер тилкеси боюнча сотко берип жаткандыгын жазышкан. Марат Акматалиевдин айтымында, анын жер тилкесинин бир бөлүгүнө коңшу жердин ээси, Кудайбергенов жубайы Динара Доконова эки кабаттуу турак жай куруп алган.

Количество просмотров: 162