• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекке кайрадан жаңы башчы дайындалды

10 Бирдин айы 2021 9:18 Бишкек Govori.TV

«Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесиниин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Кудайбергенов Бактыбек Жапарович Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттун расмий сайтында жазылат.

Маалымат боюнча, аталган чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун башка чечими менен Нургазиев Эрмек Белековичти Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу чечими жокко чыгарылды.

Эске салсак, Бактыбек Кудайбергенов «Кыргызстан» партиясы менен 2020-жылдагы депутаттыкка аттанган жана Чүй облусунун мурунку губернатору.

Количество просмотров: 314