• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Бишкек мэринин мурдагы орун басарын кармалды

30 Бештин айы 202010:34 Бишкек Govori.TV

Ишенип берилген мүлктү менчиктеп, максатсыз колдонгон деп шектелип УКМКнын Коррупция менен каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек мэринин мурдагы орун басары А.М.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мурунку вице-мэри кечээ, 29-декабрда кармалып, камакка алынган.

Расмий маалымат боюнча, 2015-2019-жылдары А.М.К. байланышы бар компания 100 млн сомдон ашык каражатка муниципалдык буйрутма алып, бул каражаттын бир бөлүгүн ээлеп алышкан. Муну кесепетинен мэрия тарабынан өз убагында каржыланганы менен подрядчы компания ишти өз убагында аткарган эмес.

Учурда бул коррупциялык схемага аралашкан башка мамлекеттик кызматкерлерди аныктоо иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 97