Кыргызстанга келип кеткен орусиялык журналист жана блогер Илья Варламов өзүнүн Ютуб каналына Бишкек шаары жөнүндө даярдаган 1 сааттык көрсөтүүсүн шаардык бийлик өкүлдөрү кандай кабыл алгандыгын мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова жергиликтүү басылмалардын бирине айтып берди.
«Илья Варламов 2010-жылы Бишкек шаары урандыга айланганда келген. Бишкекте ал бардык нерсени көрүү үчүн өтө кыска убакыт гана жүрдү. Ал мэр Азиз Суракматов менен 5 саат бою отуруп, биздин пландарыбызды, идеяларыбызды, паркты реконструкциялоону угуп, абдан жактырды. Демек, биз таарынган жокпуз. Варламовдон чыккан терс көрүнүш толугу менен нормалдуу нерсе. Эгер негатив жазбаса, башка шаарга чакыруу ала албайт да”,- деп билдирген Алмамбетова.
Эске салсак, орусиялык журналист Бишкекке 2-сентябрда келген. Видеодо Варламов Бишкек шаарындагы бир топ кемчиликтерди айткан.