• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкек мэриясы ҮМБлар үчүн 7 тез жардам унаасын сатып алууну пландоодо

23 Теке 2021 16:10 Бишкек Govori.TV

Борбор калаанын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун амбулатордук кызматын уюштуруу үчүн 7 тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын унааларды сатып алууга 14 миллион 740 миң сом каралган.

«Учурда жумушчу топ унаа сатып алуу үчүн техникалык мүнөздөмө иштеп чыккан. Буйруктун негизинде сатып алуулар процедурасын өткөрүү үчүн тендердик комиссия түзүлгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун амбулатордук кызматын уюштуруу үчүн тез жардам унааларын сатып алууга тендер жарыяланат.

Количество просмотров: 126