• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек мэриясы мектеп окуучулары жасаган укук бузууларды билдирүүнү суранат

21 Бирдин айы 20259:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы окуучулардын укук бузуу фактылары боюнча билдирүүнү суранат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаанын муниципалдык мектептеринде окуучуларга жана алардын ата-энелерине өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун кесепеттери тууралуу түшүндүрмөлөр берилип, чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү иштери жүрүүдө .

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясы шаардагы муниципалдык мектептердин окуучулары тарабынан жасалган укук бузууларга күбө болгон шаар тургундарын борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна 0554 182 185 (Whatsapp) телефону аркылуу токтоосуз (аудио-видео жазуу менен) билдирүүнү өтүнөт.

«Мында Кыргыз Республикасынын «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» Мыйзамынын анын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке алып келүүчү ченемдерин сактоону суранабыз»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 212