Бишкек шаарынын мэриясы мончо жана кир жуучу комплекстин курулушуна 179,5 миллион сом жумшайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирет.
Маалыматка ылайык, тендерди мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.
Тендердин суммасы 179 млн 592 миң 547 сомду түзөт. Тендердик арыздарды 27-декабрга чейин берүү зарыл.