• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек мэриясы жарандарга кайрылды

16 Кулжа 20229:08 Бишкек Govori.TV

16-июндан тарта Бишкекте ысык суу бериле баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, калаада ысык суу 16-майдан тарта өчүрүлүп, жылуулук тармагында оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

«Ысык суу берилерде суу агып кетпеш үчүн суу жылытуучу каражаттарды өчүрүп, крандарды текшерүү жана жабуу сунушталат», — деп айтылат маалыматта.

Кошумча суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:

Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980.

Диспетчер кызматы: 56-85-58.

Борбордук райондордун нөөмөттөгү инженерлери: 36-57-19,30-07-67.

Шаардын түштүгүндөгү райондордун нөөмөттөгү инженерлери:51-06-22, 21-74-06.

Количество просмотров: 244