Бишкек шаарында жылуулук берүү бүгүнтөн таштап токтотулат. Бул тууралуу мэрдин кеңешчиси Балбак Түлөбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Ардактуу шаардыктар! Борбордо жылуулук берүү сезону аяктады. Бүгүн, түнкү саат 00.00 жылуулук берүү токтотулат. Буйрукка жакын арада кол коюлат!», — деп жазган ал.
Белгилей кетсек, былтыр Бишкекте жылуулук берүү 19-мартта токтотулган.