• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек мэриясына 95 автобус берилди

12 Бирдин айы 202613:46 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек мэриясына 95 жаңы автобустун жана 42 даана атайын техниканын ачкычын тапшыруу аземине катышты.

«Бүгүн биз Бишкек мэриясына 95 жаңы заманбап автобусту, ошондой эле 42 даана атайын техниканы тапшырып жатабыз. Бул коомдук транспортту жана шаардык кызматтарды жаңыртуудагы дагы бир маанилүү кадам. Бишкек шаарынын мэриясынын ырааттуу ишинин алкагында шаарды өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү артыкчылыктуу багыттар болуп саналат. Экологияны жакшыртуу максатында 17 миңден ашык дарак отургузулуп, жашыл аймактар кеңейтилди. Катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү жана электр энергиясын өндүрүү боюнча заманбап экотехнологиялык завод өз ишин баштады. Балдар бакчалары жана мектептер, жер алдындагы өтмөктөр курулду, шаардыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Бул иштердин баары Бишкек мэриясы тарабынан системалуу жана максаттуу түрдө ишке ашырылууда», — деди минкаб башчысы.

Адылбек Касымалиев ошондой эле муниципалдык ишканаларды техникалык жактан чыңдоо боюнча иштер улантыларын белгиледи. Ал шаардык кызматтардын кызматкерлерин жаңы техниканы жоопкерчилик менен пайдаланууга, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга чакырды.

«Ар бир транспорт каражаты жана техниканын ар бир бирдиги – шаар тургундарына кызмат кылган маанилүү ресурс. Сактык менен жана туура пайдалануу, элдин ишенимин актоо – ар бириңиздердин түздөн-түз милдетиңиздер», — деп айткан ал, жаңы автобустар жана атайын техника шаардын өнүгүшүнө кошумча түрткү берерин, муниципалдык кызматтардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, алардын ишин жеңилдете турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 150