• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек мэриясына таандык 1276 автобус бар

13 Аяк оона 202413:43 Бишкек Govori.TV


Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын балансында учурда 1276 автобус бар. Бул тууралуу ишкананын директору Талант Капаров Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мэрия президенттин тапшырмасы менен бюджеттик акчага 1120 автобус сатып алган. Дагы 124 автобус Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынган кредитке алынган.

2009-жылы алынган автобустар борбордун муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан эсептен чыгарылып, сатылган деп кошумчалады Капаров.

Талант Капаров автобустар күнүнө 700 миң жүргүнчүнү тейлеп жаткандыгын айтты.

Количество просмотров: 106