Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүү болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин шаардык транспорт башкармалыгынын башычы Болотбек Тезекбаев өз арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Ал бул кызматта 3-4 ай иштеди. Азыр башкармалыктын жетекчиси милдетин Атыканов Нурлан Качкынович аткарып жатат.
«Мындан тышкары дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруу Жумабеков Дамир Советалиевичке жүктөлгөн. Буга чейин ал ушул эле башкармалыктын уюштуруу бөлүмүн жетектеп келген. Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын мурунку башчысы Д.Досалиев өз арызынын негизинде кызматынан бошотулган», — деп айтылат маалыматта.
3-мартта бош кызмат орундарына сынак жарыяланды.