• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек мэри дөңгөлөк жаккан мончо жана сауналарды жаап салуу керектигин айтты

4 Бештин айы 201812:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.12.2018.Govori.TV.
Эски дөңгөлөктөрдүн шинасын саткан вулканизацияларды текшерүү сунушталды. Мындай оюн Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 3-декабрда болгон жыйында билдирди.
Анын айтымында Бишкектин райондук администрациялары милиция кызматкерлери, мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү менен биргелешип ишке ашыруу керек.
«Шаардагы мончолорго эмне жагылаарын такташ керек. Эски дөңгөлөктөрдү жаккандар бар»,- деди Суракматов.
Райондордун акимдери жашоочулар менен түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтышып, желим, резинка жана синтетикалык кездемелердин калдыктарын өрттөбөо керектиги айтылып жатканын кошумчалашты.
Азиз Суракматов таң атпай эртен менен жана кечинде рейд жүргүзүү керектигин  табыштады.
Количество просмотров: 72