Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов азырынча кыргыз тилин билгени боюнча “Кыргызтесттен” сынак тапшырбайт. Бул тууралуу мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.
Мэр баардык этаптардан өткөнүн айтып, жана ал учурда калаада көйгөй, иштер көп болгонуна байланыштуу мэрдин тест тапшырууга убактысы жок болуп жатканын кошумчалады.