Бишкек мэриясы жаңы жылдык мыкты жасалгага сынак жарыялады
Бишкек мэриясы жаңы жылдык мыкты жасалгага сынак жарыялады
26 Жетинин айы 201810:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.11.2018.Govori.TV.
Бишкек мэриясы шаардыктар арасында жаңы жылга карата жасалгаланган эң кооз район, конуш жана имарат боюнча сынак жарыялады.
Муниципалитет уюштурган бул сынак 1-декабрдан тарта 31-декабрга чейин уланат. Ага катышууну каалагандар өзү жашаган райондун администрациясына арыз менен кайрылышы зарыл.
Номинациялар:
— Мыкты кооздолгон район. Биринчи орунга — 50 миң, экинчиге — 40 миң, үчүнчүгө — 30 миң сомдон сыйлык каралган;
— Мыкты кооздолгон жаңы конуш. Жергиликтүү аймактык башкармалыктары тарабынан 30 миң сомдук төрт сыйлык каралган;
— Мыкты кооздолгон короо. Жергиликтүү аймактык башкармалык тарабынан 20 миң сомдук төрт сыйлык берилет.
— Министрлик жана административдик ведомстволордун мыкты кооздолгон аймагы. Биринчи орунга — 50 миң, экинчиге — 40 миң, үчүнчүгө — 30 миң сомдон сыйлык каралган;
— Соода борборлорунун мыкты кооздолгон фасады. Биринчи орунду алгандар— 100 миң, экинчи — 70 миң, үчүнчү — 50 миң сомго ээ болот;
— Соода-сатык, кызмат көрсөтүү жана кеңселердин мыкты кооздолгон фасады. Биринчи орун — 70 миң, экинчи — 50 миң, үчүнчү — 30 миң сом менен сыйланат.
Ошондой эле 1-2 мүнөткө созулган жеке жана жамааттык видео куттуктоо жана «Жаңы жылың менен, сүйүктүү шаарым!» темасында селфилерге сынак жарыяланат.
Бишкекте спорттук турнир өтүп, жеңүүчүлөр сыйланды
Бишкекте эгемендүүлүк күнүн утурлай спорттук турнир өтүп, жеңүүчүлөр сыйланды. Спорттук-маданий иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн …