Бүгүн, 19-августта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун таштандылардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 9-18-чакырым аралыгында жолдун жээгин таштандылардан тазалоо иштери жүрүүдө.
Ошондой эле Лебединовка — Мазар-Суу автожолунда 0-3-чакырымында аң-чөнөктөрдү жамоого даярдыктар башталды.