Бишкектеги мектептер 1-марттан тарта ачылбай тургандыгын билип, окуучулар нааразы болушууда. Балдардын мындай ниетин ата-энелер класстык баарлашууда жиберип жатышат.
Ата-энелердин айтымында, балдар онлайн окуудан тажап, жазында мектепке барабыз деп үмүттөнүшкөн. Бирок, республикалык штаб бардык параллелдер боюнча билим берүү мекемелерин ачууга уруксат бербегени белгилүү болгондо, окуучулар сабактарга саботаж жасоону чечишкен.
Ата-энелер жана алардын балдарынын айтымында үйдөн окуп, таршырма жасоодо уруш-талаштарды жана стресс жаратат деп эсептешет.
Эске салсак, борбор калаанын мектеп окуучулары бир жылдай үйдө окушту.