• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек-Ош унаа жолунда 13 жерден атайылап кар көчкү түшүрүлдү

18 Жалган куран 2022 9:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Ош унаа жолунда 13 жерден атайылап кар көчкү түшүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, республиканын бийик тоолуу райондорунда катуу жааган жаандын кесепетинен жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун 121-138 жана Ала-Бел ашуусунун Чычкан капчыгайынын 198-255-чакырымдарында кар көчкү жүрүү коркунучу жаралган.

«Табигый кырсыктын алдын алуу максатында, ӨКМдин ыкчам тобу жана Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби 12-марттан бери кооптуу делген 13 тилкеден атайылап снаряд атып, жалпысынан 20 кар көчкү түшүрүлдү.

Атайылап карды түшүрүү 5 күн ичинде Ала-Бел ашуусунун Чычкан капчыгайынын 198-255-чакырымдарында жүргүзүлүп, жалпысынан 701 250 м3 көлөмдөгү кар көчкү түшүрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Атайылап кар көчкү түшүрүү иши эртең да уланып, Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун 121-138-чакырымынын түндүк жана түштүк тарабында жүрөт.

Ал эми түшүрүлгөн карды дароо жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүүдө

ӨКМ жарандарга атайылап карды түшүрүү ишин түшүнүү менен кабыл алып, алыскы жолго чыгуу алдында унааңызда дөнгөлөк чынжыры, жылуу кийим, дары-дармек, жетиштүү тамак-аш алууну унутпоону эскертет.

Кырсык катталган учурда 112 номерине кайрылыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Количество просмотров: 252