• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыктан бир адам каза таап, бешөө жаракат алды

24 Аяк оона 201811:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.09.2018.Govori.TV.

Бишкек-Ош унаа жолунда “Volkswagen Passat-B3” үлгүсүндөгү автоунаа оодарылып кетти. Кырсык 23-сентябрда 09:35де Чычкан капчыгайында катталган. 
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызма билдиргендей, айдоочу рулду ашкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 эркек адам каза таап, бешөө жаракат алган.
Кырсык болгон жерге ӨКМ куткаруучулары барышып, жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Количество просмотров: 65