• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек-Ош унаа жолунда унааларга чектөө алынды

24 Бирдин айы 2021 9:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолунда унааларга чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) жалпы көлөмү болжол менен 11 миң 200 куб метр, анын ичинен унаа жолго 4,5 миң куб метр кар көчкү түшүп, жол жабылган. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 2 самосвал тартылып, саат 21:40та унаа жол толук тазаланып ачылган.

Жайыл районунун «Сосновка» жана Токтогул районунун «Арал» постторунда киргизилген чектөө алынды (күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар).

Количество просмотров: 118