• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо июлда өтөт

28 Бугу 2021 9:47 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул маалыматты басма сөз кызматы бүгүн, 28-майда билдирди.

11-апрелде Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтүп, бирок анын жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

«Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо жекшембиге — 2021-жылдын 11-июлуна дайындалсын.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун», — деп айтылат жарлыкта.

Количество просмотров: 70