• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү өтүүдө

10 Теке 2021 14:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайталап шайлоодо шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү өтүүдө. Бул тууралуу БШК аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.

Мурда 3 992 шайлоочу шайлоого добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Бишкек АШК берген маалымат боюнча 2 602 шайлоочу, Ош АШК боюнча – 1 168, Токмок АШК боюнча – 222 шайлоочу арыз берген.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20.00гө чейинки мезгилде гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 78