Бүгүн, 29-мартта Бишкек — Ош жолунда аскер унаасы оодарылып, кызматкер каза тапты. Бул тууралуу Коргоо министрилигинен кабарлашты.
Маалымат боюнча, республиканын түштүк-батыш аймагы боюнча Куралдуу күчтөрүнүн армиясынын борбордук үйү концерт өткөрүү үчүн жолго чыккан.
“Жол кырсыгынан Куралдуу күчтөрүнүн Н.А. аттуу кызматкери окуя болгон жерден каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча, дагы бир адам колунан жараат алган. Аба ырайынын бузулушунан улам унаанын айдоочусу рулду башкара албай, кырсыкка кабылган. Окуя иликтенүүдө. Аталган факты Аскер прокуратурасына кабарланган, кызматтык иликтөө иши жүрүүдө”, — деп айтылат маалыматта.