• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Бишкек-Ош жолунда түшкөн кар көчкү тазаланды

25 Бирдин айы 202110:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) 24-февралда саат 06:40тар чамасында көлөмү болжол менен 360 куб метр кар көчкү унаа жолго түшүп, жол жабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кар көчкүдөн жабыркагандар болгон жок.

Тазалоо иштерине 2 жүктөгүч, бир грейдер жана 3 куткаруучусу тартылган.Тартылган техникалардын жардамында саат 08:00дө унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.

Ошол эле күнү саат 21:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 3500-4000 куб метр кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында кар көчкү саат 22:00дө толук тазаланып бүткөн.

Количество просмотров: 85