• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып, тыгын жаралды

24 Жетинин айы 2021 16:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып, тыгын жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бишкек-Ош унаа жолунун 420-чакырымында Беке-Чал тилкесинде чиркегичи бар “MAN” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып, жол кыймылына тоскоолдук жараткан. Саат 09:00 унаалар өтө албай, жол тыгынын пайда болуп, 500дөн ашуун унаа токтоп тургандыгы туралуулуу маалымат түшкөн.

«Оор жүк ташуучу унаа жол четине чыгарылды. Учурда жол бир тараптуу ачылып, унаалар өтүп жатат. Жабыркагандар жок»,-деп айтылат маалыматта.

Кырдаалды жоюу максатында жерине барган Кара-Көл шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ иш алып барып жатат

Количество просмотров: 8057