Алдын ала маалымат боюнча, кырсыкка «Mercedes-Benz» менен «Honda Accord» унаалар кабылган. Mercedes унаасынын айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеге чыгып кеткен. Машинанын ичинде болгон төрт киши каза тапты.
«Honda Accord» унаасындагы эки адам жабыркаган. Аларга, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери жардам көрсөтүп, жакын жердеги медициналык борборго жеткиришкен.