• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан 2 киши каза болду

23 Кулжа 2022 9:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Ош унаа жолунун 323-чакырымында жол кырсыгы катталып, «VOLVO» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа менен «LEXUS» 470 үлгүсүндөгү автоунаалары кагылышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү көз жумган.

«Жерине 7 куткаруучу тартылып, жеңил унаада кыпчылган жарандар тез жардам кызматтына өткөрүлүп берилген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тактоо иштери уланууда.

Количество просмотров: 1227