• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек-Ош жолундагы кырсыкта 7 адам каза болду

16 Жетинин айы 2021 14:53 Бишкек Govori.TV

Кара-Сууда жол кырсыгынан жетөө каза болуп, тогуз адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында «КамАЗ», Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

«Кырсыктын кесепетинен 7 жаран каза болгон (3 эркек, 4 аял), ошондой эле 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, 3 жаш бала балдар ооруканасына жаткырылган (аты-жөндөрү такталууда). Жерине ӨКМ башчысынын орун басары А.Мазарипов, Ош облустук башкармалыгынын башчысы Н.Шаматов жана 3 куткаруучу тартылган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1154