• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек-Ош жолундагы кырсыкта бирөө каза болуп, үч адам жабыркады

23 Жетинин айы 2021 9:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолунун 187-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Мерседес-Бенц Гигант» үлгүсүндөгү унаасы менен «Лексус RX350» унаалары кагышып, жол кырсыгынан экинчи унаанын айдоочусу каза болуп, дагы 3 киши жабыркаган.

Куткаруу ишине 154-чакырымда нөөмөттө турган Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары тартылып, жеринде иш алып барышкан.

Количество просмотров: 685