• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкек – Ош жолунун боюндагы өрт толук өчурүлдү

10 Аяк оона 202113:03 Бишкек Govori.TV

Жайыл районунда Бишкек – Ош жолунун боюндагы өрт толук өчурүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрдан тарта Бишкек-Ош унаа жолунун 101-чакырымында тоонун боорунда куураган чөп күйүп жаткан.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин 10 куткаруучу жана 7 жергиликтүү тургундар тартылган.

Өрттүн кесепетинен 55га куураган чөп күйдү жана анын себеби такталууда.

Количество просмотров: 144