• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Бишкек Паркта» жарандар эвакуацияланды

14 Жетинин айы 202412:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-ноябрда «Бишкек Парк» соода жана оюн-зоок борборунан жарандар эвакуацияланганы маалымдалды

Белгилүү болгондой, соода борборунун бутиктеринде өрт сигнализациясынын датчиктери иштеген.

Кийинчерээк соода борборунун имаратына ӨКМдин бир өрт өчүрүү бригадасы келген.

ӨКМдин маалыматы боюнча, Киев көчөсүндө жайгашкан үйдүн ашканасынан түтүн чыгып жатканы тууралуу маалымат алышкан.

«Өрттү өчүрүүгө саат 11:12де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган», — деп айтылат маалыматта.

Ведомство кийинчерээк кошумча маалымат берилерин билдирди.

Количество просмотров: 160