• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкек шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстандан» Конгантиев төрага болуп шайланды

30 Теке 202113:04 Бишкек Govori.TV

Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Конгантиевдин талапкерлигин «Эмгек», «Ата Журт-Кыргызстан», «Ишеним», «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынан турган коалициялык көпчүлүк сунуштады. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп «Эмгек» партиясынан депутат болгон Токтосун Султанов шайланды.

Конгантиев буга чейин Бишкек шаардык кеңештин депутаты болуп келген. 

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 30-июлда Бишкек шаардык кеңешинин 28-чакырылышы ишин баштады.

Количество просмотров: 333