• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек шаардык кеңешине боло турган шайлоого төрт партия катышаарын билдирди

1 Тогуздун айы 202410:13 Бишкек Govori.TV

30-сентябрда Бишкек шаардык кеңешине өтө турган шайлоого катышуу үчүн 4 партия арыз берди. Шайлоо 17-ноябрга белгиленген. Бишкектен шаардык кеңешине 51 депутат шайланат.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына арыз берген партиялар:
«Жаңы Кыргызстан»
«Эл Үмүтү»
«Социал-Демократтар»
«Жаңы күч — Новая сила».

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн башталып, 7-октябрда саат 18:00гө чейин аяктайт.

Количество просмотров: 121