2021-жылдын 20-июнунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого төмөнкү саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесин каттады:
Кошумчалангандай, “Социал-демократтар” саясий партиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышуучу жаңы саясий партияларды каттоодон баш тартууга байланыштуу арызы боюнча Бишкек АШК тарабынан “Социал-демократтар” саясий партиясынын арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Мындан тышкары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышууга партияны өткөрүү жөнүндө “Айкөл Кыргызстан” саясий партиясынын арызын карап чыгып, депутаттардын өзгөртүлбөгөн тизмесин эске алып, Бишкек АШК “Айкөл Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону чечти.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого 18 саясий партия тарабынан 1371 талапкер көрсөтүлдү, 1258 талапкер санында талапкерлердин тизмеси катталды. Мында ар кандай себептер менен 113 талапкерди каттоодон баш тартылганын белгилейбиз.