• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Чепеевге жыйын учурунда айып салынды

12 Бугу 202517:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Болот Ибрагимов иштен алынган. Жыйында 43 депутаттын чечими менен ал вице-спикерликтен кетип, катардагы депутат болуп калды

Мындан соң Ибрагимов «Эмгек» фракциясынын депутаты Калыбек Чепеевдин шаардык кеңеш имаратынын алдында чылым чегип жаткан видеосун жүктөгөн.

Видеодо кайгуул милициясы шаардык кеңешке барып, жыйын болуп жаткан учурда Чепеевди чакырып, ага протокол түзгөнүн көрүүгө болот.

Количество просмотров: 260