Бишкек шаардык кеңешинин жаңы төрагасынын атасы, Болотбек Абировбу?
Бишкек шаардык кеңешинин жаңы төрагасынын атасы, Болотбек Абировбу?
20 Аяк оона 201813:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.09.2018.Govori.TV.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына жаңы шайланган Жаныбек Абиров атасы тууралуу бүгүн журналаисттерге айтып берди. Ал «Рассвет компани» ишканасынын негиздөөчүсү Болотбек Абиров анын атасы эмес экенин журналисттерге билдиргенин айтты.
«Мага бир журналист чалган. Ал телефон аркылуу сүйлөшүү болгондуктан үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн ага жалган маалымат бергем»-деди. «Чындыгында «Рассвет» компаниясынын негиздөөчүсү Болотбек Абиров менин атам. Эч кандай мамлекеттик кызматта иштеген эмес, жеке бизнес менен гана алектенип, көмүр менен иштеп жүргөн адам. Эми менин кызматтыма аралашпайт»- деди.
Эске салсак, буга чейин Жаныбек Абиров журналисттерге эч кандай «Рассвет компани» деген ишкананы билбегенин, бул компаниянын ээси Болотбек Абировду анын атасы эмес, жөн гана фамилиялары окшош экенин айткан.