• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Журналист Мамыркулованын бөгөт чарасы жабык каралууда

22 Жалган куран 202513:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-мартта Бишкектин Свердлов райондук соту журналист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карап жатат.

Сот отуруму жабык өтүүдө.

Журналистти колдоп сот имаратынын алдына чогулган 30дай киши “Канышайга боштондук”, “Сот ачык болсун” деп кыйкырып турушту.

Канышай Мамыркулованы үйүнөн милиция кармап кеткени 20-мартта белгилүү болгон.

Бишкек шаардык милициясы Мамыркулова «массалык башамаландыкка чакырыкка» жана «улут аралык кастыкка» шектелип кармалганын билдирди.

Количество просмотров: 253