• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Бишкек шаардык соту Махабат Тажыбек кызын камакта калтырды

1 Чын куран 202417:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-апрелде Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Махабат Тажыбек кызынын бөгөт чарасын карап, райондук соттун 2 айга камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Чечимдин алдында жактоочу Улан Сейитбеков Тажыбек кызын үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирди.

«Махабат Тажыбек кызынын камакка алынышын мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейм»,-деди адвокат.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

Кийин үчөө үй камагына чыккан.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 109