• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкек шаардык соту Сегизбаевди камакта калтырды

5 Чын куран 2021 17:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук комитетинин(УКМК) мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевдин бөгөт чарасы каралды. Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, Сегизбаев абакта калды.

Сот имаратына анын тарапташтары, жакындары чогулуп, аны эркиндикке чыгарууну талап кылышты.

Абдил Сегизбаев сот залына кирип баратып тарапташтарына “баары жакшы” деген сөзүн айтып, жакындары менен учурашып жетишти.

Эске салсак, Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде кармалганы айтылып, 25-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Кийин ал УКМКнын тергөө абагына которулган. Биринчи май райондук соту аны 25-мартка чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Сегизбаевдин жактоочусу Кантемир Турдалиев кечээ, 28-январда, Биринчи май райондук сотунун саясатчыны УКМКнын Тергөө абагында 25-мартка чейин кармоо боюнча токтомунун үстүнөн Бишкек шаардык сотуна арызданган.

Количество просмотров: 142