• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек шаардык соту журналисттердин ишин кароону жылдырды

9 Бештин айы 202415:06 Бишкек Govori.TV

9-декабрда Бишкек шаардык сотунда журналисттер Махабат Тажибек кызынын, Актилек Капаровдун, Айке Бейшекееванын жана Азамат Ишенбековдун иши боюнча соттук отурум 18-декабрга жылдырылды. Буга Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковдун камакта жатканы негиз болду.

Журналисттердин адвокаттары Самат Матцаков УКМК тергөө абагынан алынып келип, соттук жараянга катышышы керектигин, бул жактоочунун жана ал коргоп жаткан адамдын да укугу экенин айтышты. Судья аны четке кагып, Актилек Капаров кийинки соттук отурумга чейин башка адвокат тапмай болду.

Эске салсак, 25-ноябрда өткөн отурумда шаардык сот буга чейин акталган жети журналистке карата Ленин райондук соттун чечими күчүндө калтырган.

Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Ал эми журналисттер Актилек Капаров жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган.

Количество просмотров: 128