• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкек шаардык сотуна ууруга кирүүгө шектелген адам Ош шаарында кармалды

13 Бирдин айы 2021 15:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык сотунун имаратына түнүчүндө эшиктердин кулпусун сындырып кирип барган деп шектелген адам Ош шаарында кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 30 жаштагы шектүү азыр Бишкектин Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурат.

Милиция окуяны Жазык кодексинин “Уурулук” деген 200-беренесинин негизинде каттоого алып, келтирилген чыгымды тактап жатат. Мекеме билдиргендей, 10-февралга караган түнү Бишкек шаардык сотунун имаратына кирген адам судьялардын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү кабаттардагы иш бөлмөлөрүнө кирген.

Бишкек шаардык сотуну⁸н басма сөз кызматы белгисиз бирөөлөр имаратка эшиктин кулпусун сындырып кирип барышканын 10-февралда маалымдаган, бирок бардык иштер ордунда экенин, жарандык, жазык же административдик иштер жоголгону жөнүндө маалымат жок экенин билдирген.

Ана чейин социалдык түйүндөрдө шаардык соттогу айрым иштер уурдалганы тууралуу маалымат тараган.

Количество просмотров: 140