Бишкек жүргүнчүлөр ишканасы газ менен жүргөн автобустарды сатып алуу боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, автобустарды сатып алууга 650 млн сом каралган.
№1 лот — 351 млн сомго 46 автобус;
№2 лот — 299 млн сомго 54 автобус.
«Автобустар 2020-жылы чыккан болушу керек. Автобуска жалпы 70 киши батып, кеминде 26 отуруучу орун болушу шарт», — деп айтылат маалыматта.
Арыздар 18-мартка чейин кабыл алынат. Тендерди уткан компания автобустарды келишим түзүлгөн күндөн кийин 140 күн ичинде алып келиши кажет.