• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкек шаарына Самидин Атабаев казы болду

29 Кулжа 202117:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин кары Атабаев  дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койгонун муфтияттан билдиришти.

Азирети Муфтий Бишкек шаардык казыятынын эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мусулмандар казысынын ишине ийгилик каалады.

Эскерте кетсек, Самидин кары Атабаев  буга чейин Ош облусунун мусулмандар казысы болуп эмгектенип келген.

Количество просмотров: 327