• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкек шаарына жаңы мэр шайланды

26 Баш оона 2021 11:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26- августта Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында борбор калаанын жаңы мэри шайланды. Шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы буга чейин мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиедин талапкерлигин сунуштаган.

Добуш берүү жараянына алты фракциядан турган шаардык кеңештеги 45 депутат катышты. Ошондой эле добуш берүү учурунда көз карандысыз эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, байкоочулар көз салып, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырды.

Шайлоонун жыйынтыгы менен калаа башчылыкка сунушталган жалгыз талапкерди жыйынга катышып жаткан 45 депутаттын 43ү колдоду. Экөө каршы добуш берди.

Белгилей кетсек, Айбек Жунушалиев 1976-жылы Чүй облусунун Кегети айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен билим алган. Эмгек жолун Кыргыз улуттук университетинде темир уста-сантехник болуп баштап, кийин аталган окуу жайда окутуучу болгон.

2010-2014-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы болгон. Кийинчерээк, өкмөттө иштеп, 2015-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.

Кийин Айбек Жунушалиев өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Май айында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болгон.

Количество просмотров: 916