Бишкек шаарында ысык сууну өчүрүү маселеси боюнча чечим кабыл алына элек. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.
Анын айтымында, тийиштүү жетекчилер чогулуп, талкуулап андан соң чечим чыгат. «Карантин аяктагандан кийин бул маселе каралат деген ойдомун, — деди ал.
Жыл сайын ысык суу май айынын биринчи жарымында бир айга чейин өчүрүлөт. Бул техникалык тейлөө иштерин жүргүзүү менен байланыштуу.