• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкек шаарынын эски аянтында Ден соолук күнү белгиленет

13 Чын куран 2019 11:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.04.2019.Govori.TV

Бишкектеги Эски аянтта Ден соолук күнүнө карата иш-чаралар башталууда. 

Дене тарбия көнүгүүлөрү, спорттук оюндар жана ыр-бийлер коштогон иш-чаранын башында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү менен саламаттык сактоо министри сөз сүйлөйт. Андан соң велосипедчендердин шоу-көргөзмөсү башталып, аянттан Эмен багын аралай веложүрүш болот.

Аянтта улуттук спорт оюндары, шахмат, ушу, акробатика жана башка спорт оюндары ойнотулуп, каалоочуларга чеберлер бул оюндар тууралуу маалыматтарды беришет.

Ошондой эле алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, кан басымын ченөө, баланы туура эмизүү боюнча адистер кеңеш беришет. Каалоочулар туура тамактануу, тамекинин зыяны, кант диабети жана башка өнөкөт оорулар тууралуу адистерден маалымат ала алышат.

13-апрель — Дүйнөлүк Ден соолук күнү

Количество просмотров: 8